Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. 7-апрелде Алматы шаарында Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин биргелешкен кызматташуусунун алкагында эл аралык Түрк маданияты жана мурасы борбору ачылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, борборго Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, көрүнүктүү түрколог, окумуштуу А.Т. Кайдар аты берилди.
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова түрк дүйнөсүнүн ортосунда достукту жана биримдикти түзүү үчүн маданий гана эмес, руханий чөйрөнү да өнүктүрүүгө маани берүү керектигин белгиледи. Ал түрк дүйнөсүнүн жаркын келечеги үчүн "жаркын" жаштарды тарбиялоо миссиясы азыркы муундун мойнунда экенин айтты.
"Аталган борбордо студенттер түрк дүйнөсүнүн көөнөрбөс маданий мурастары жана көп кылымдык тарыхы боюнча изилдөө иштерин гана жүргүзбөстөн, эл аралык долбоорлорго да катыша алышат.
Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу борборго дүйнөнүн төрт бурчунан окумуштуулар келип, өзүнүн билими жана тажрыйбалары менен бөлүшөт. Мындан тышкары, университеттин студенттери чет өлкөлүк университеттерде такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бай китепкана менен камсыз болушат", – деп айтылат маалыматта.