Ташкент, 12.08.25. /Кабар/. Өзбекстанда декларация толтуруу жана товарларды эркин соодага чыгаруу иши түз эле бажы чек арасында жүргүзүлөт, деп маалымадады "Узбекистан-24" телепрограммасы.
Өлкөнүн бажы комитетинин төрагасынын орун басары Нодир Мусамухамедовдун айтымында, бул кадам соода жол-жоболорун жеңилдетип, көмүскө экономикага бөгөт коюуга багытталган.
Азыр товарлар транзиттик декларация менен өткөрүлүп, андан соң бажы кампасында сакталат. Уруксат кагаздарын алгандан кийин гана толук расмий жол-жобо бүтөт. Бул жараян 2-3 күнгө созулуп, 15-25 млн сум (1,2 миң - 2 миң доллар) чыгым талап кылат.
Реформанын кийинки этабында сертификат жана уруксат кагаздарын берүү иши да жөнөкөйлөтүлөт.