Өзбекстанда "Толеранттуулук жумалыгы" өтөт

Борбор Азия Загрузка... 07 Ноябрь 2025 12:45
P_07.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.11.25 /Кабар/. 10–15-ноябрь күндөрү Өзбекстанда Эл аралык толеранттуулук күнүнө арналган "Толеранттуулук жумалыгы" өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөр менен достук байланыштар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралардын башкы максаты — элдер ортосундагы достукту, өз ара урмат-сыйды жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, "Толеранттуулук жумалыгы" — бул коомдо гуманисттик баалуулуктарды, тынчтык жана өз ара түшүнүшүү духун жайылтууга багытталган демилге. Ошондой эле маданий ар түрдүүлүктү даңазалоо жана элдер ортосундагы диалогду өнүктүрүү да өзгөчө көңүл борборунда болот.

Жумалык алкагында Ташкент шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында театрларда, маданий борборлордо, парктарда жана концерттик залдарда фестивалдар, чыгармачылык кечелер, көргөзмөлөр, адабий окуулар жана илимий-практикалык жыйындар өткөрүлөт.

Жыйынтыгында эң активдүү катышуучуларга, чыгармачыл жамааттарга жана коомдук уюмдарга ыраазычылык каттары жана атайын сыйлыктар тапшырылат.