Өзбекстанда тил үйрөнүп жаткан жаштарга колдоо көрсөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 10 Октябрь 2025 11:24
photo_10_.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын министрлер кабинети жаштардын чет тил үйрөнүүгө кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүн жабуу боюнча жаңы тартипти бекитти. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, «2+6» программасынын негизинде тил үйрөнүүгө кызыккан жаштар алгачкы эки айдын акысын өз эсебинен төлөп, баштапкы деңгээлдеги сертификат алгандан кийин, кийинки алты айлык окуу үчүн мамлекеттен субсидия ала алышат. Программаны каржылоо Жаштар иштери агенттигинин алдындагы Мамлекеттик жаштар саясатын колдоо фондунун эсебинен жүргүзүлөт.

Субсидиянын өлчөмү жашаган аймакка жараша өзгөрөт: Ташкент шаарында — эки базалык эсептик көлөмгө чейин (болжол менен 33 доллар), облустук борборлордо жана Каракалпакстан Республикасында — бир жарым БЭКке чейин (25 доллар), ал эми райондук жана шаардык аймактарда — бир БЭКке чейин (16 доллар).

2025–2026-жылдары бул программадан 20 миңге жакын жаш адам пайдалана алат. Программага катышкан тил үйрөтүү борборлору атайын электрондук платформада катталып, сабакка катышууну күн сайын электрондук түрдө белгилеп турууга милдеттүү.