Өзбекстанда соцкызматтар кеңейтилип, балдарды коргоо чаралары күчөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 19 Декабрь 2025 13:14
p_19_1.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.12.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү, аймактарда комплекстүү социалдык жана реабилитациялык кызматтарды кеңейтүү, ошондой эле балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо маселелери талкууланды, деп маалымдайт Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы.

Жыйында бул багыттагы иштерди системалуу жүргүзүү максатында Социалдык реестрди түзүү каралды. Ал Социалдык коргоонун бирдиктүү реестри менен жакыр үй-бүлөлөрдүн реестринин негизинде калыптанып, үй-бүлөлөр социалдык-экономикалык абалына жараша мамлекеттик камсыздоодогу, аз камсыз болгон жана жакырчылыктын чегинде турган топторго бөлүнөт. Ар бир категория үчүн өзүнчө колдоо чаралары жана социалдык кызматтар аныкталат.

Социалдык колдоо калктын киреше деңгээлин жана жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алган дифференцияланган ыкма аркылуу көрсөтүлөт. Айрым мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө милдеттүү ишке орношуу талабы коюлбастан социалдык жардам берүү каралууда. Ошондой эле 2026–2027-жылдары аймактарда муктаж жарандар үчүн 20 аймактык социалдык кызмат борборун ачуу пландалууда.

Мындан тышкары, жыйында 2026–2030-жылдарга карата балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо стратегиясы тааныштырылды. Анын алкагында балдар үчүн коопсуз жана зомбулуксуз чөйрө түзүү, коркунуч тобундагы балдарды эрте аныктоо, ошондой эле балдарга карата зомбулук фактыларын эсепке алуу жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү электрондук тутумду киргизүү мерчемделүүдө.