Өзбекстанда социалдык камсыздандыруунун жаңы системасы киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 10 Декабрь 2025 10:40
p_10_0 (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.12.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койду, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Мыйзамда камсыздандыруу каралган жагдайлар так аныкталган. Аларга ооруп убактылуу ишке жарамсыз болуу, кош бойлуулук жана төрөт, ошондой эле жумуштан же кирешеден ажырап калуу кирет. Бул сыяктуу учурларда камсыздандырылган жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тийиштүү жөлөкпулдар төлөнөт.

Бул төлөмдөр үчүн зарыл болгон каражат социалдык салыктын бир бөлүгүнөн, камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, республикалык бюджеттен, фонддун убактылуу бош каражаттарын депозитке жайгаштыруудан түшкөн кирешелерден жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардан топтолот.

Документ мамлекеттик социалдык камсыздандырууга кимдер милдеттүү, кимдер ыктыярдуу негизде катыша турганын да аныктап берди. Милдеттүү камсыздандырылуучулар үчүн төгүмдөрдүн өлчөмү «Мамлекеттик бюджет жөнүндө» мыйзамда белгиленип, жеке киреше салыгынын бир бөлүгүнүн эсебинен каржыланат. Ыктыярдуу камсыздандырууга кошулган жарандар болсо мыйзамда көрсөтүлгөн минималдык төлөмдүн негизинде төгүм жүргүзүшөт.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.