Өзбекстанда шектүүлөрдүн чет өлкөгө чыгуусу убактылуу чектелет

Борбор Азия Загрузка... 30 Май 2025 15:35
S-30 (1).jpeg
copyright icon www

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын Сенаты кылмышка шектелген адамдардын өлкөдөн чыгып кетишин убактылуу чектөөгө жол ачкан мыйзамды жактырды, деп билдирет өлкө парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.

Мыйзамга ылайык, Жазык-процесстик кодекске, “Соттор жөнүндө” жана “Прокуратура жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Анда шектүүнүн паспортуна же башка жүрүп-туруу укугун тастыктаган документине чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул чара прокуратура же соттун өтүнүчү менен колдонулат.

Сенаторлор бул мыйзам жарандардын укугун жана эркиндигин коргоону күчөтүүгө, ошондой эле сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталганын белгилешти.