Ташкент, 21.08.25 /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ишкерлер менен жолугушууда бизнес үчүн 16 трлн сумдук (1,28 млрд доллар) салыктын мунапасын жарыялады, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Анын айтымында, текшерүүлөрдө 20 миңге жакын ишкерде жалпы 16 трлн сумга жакын кемчиликтер аныкталган. Президент белгилегендей, буга айып пул салынбайт, ишкерлерге 1-ноябрга чейин каталарды өз ыктыяры менен оңдоого мүмкүнчүлүк берилет. Ошондон кийин ишкерлердин рейтинги "таза барактан" башталат.
Мындан тышкары, киреше салыгы боюнча алдын ала төлөмдүн чеги жогорулатылды. Мурун бул талап жылдык жүгүртүүсү 10 млрд сумдан ашкан ишканаларга тиешелүү болсо, эми 20 млрд сумдан жогору киреше тапкан ишканаларга гана колдонулат.
Мирзиёевдин айтымында, бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасында 14 миңге жакын ишкер кошумча 1 трлн сумга жакын айланма каражатты өз колунда калтыра алат.