Ташкент, 20.08.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев саламаттык сактоо системасын реформалоо жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Сунуштарда калкка медициналык кызматтарды жакындатуу, жаңы клиникалык протоколдорду киргизүү, бейтаптардын жолдомолорун санариптештирүү жана телемедицинаны өнүктүрүү каралган.
Ошондой эле инсульт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, Улуттук неврология жана нейрореабилитация борборун түзүү, лабораториялык кызматтарды жаңыртуу жана медициналык билим берүүнү өркүндөтүү пландалууда.
Долбоорлорду ишке ашырууга 150 млн доллар багытталат.
Эскерте кетсек, бул маселеге байланыштуу тиешелүү тапшырмаларды мамлекет башчысы быйылкы жылдын 7-майында өткөн видеоселектордук жыйында берген.