Ташкент, 19.12.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Өзбекстанда 10 миң 222 өрт кырсыгы катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга көп болду. Бул тууралуу Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри Ботир Кудратходжаев маалымдады.
Анын айтымында, өрт кырсыктарынын кесепетинен 102 адам жаракат алып, 67 адам каза болду.
«Өрттөр негизинен адам факторунан — жылытуу мештерин жана электр шаймандарын туура эмес пайдалануудан келип чыгууда. Муну менен катар, катталган өрттөрдүн 76 пайызы калктын турак жайларында орун алууда», — деди министр.
Салыштыруу иретинде белгилесек, 2022-жылы өлкөдө 10 миң 260 өрт чыгып, анын натыйжасында 170 адам жабыркап, 98 адам каза тапкан. 2023-жылы болсо 10 миң 204 өрт катталып, 172 адам жаракат алып, 79 адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми 2024-жылдын январь–октябрь айларында 8 миңге жакын өрт кырсыгы чыгып, анын кесепетинен 44 адам каза болгон.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда имараттардын фасаддарында жеңил тутануучу материалдарды колдонууга тыюу салуу мерчемделүүдө. Президенттин тапшырмасына ылайык, өлкө боюнча 44 миңден ашуун көп кабаттуу турак жайларда өрт коопсуздугунун абалы изилденет. Ошондой эле коммуналдык кызматтар менен башкаруучу компанияларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин диспетчердик тутумуна кошуу пландалууда.