Ташкент, 11.09.25. /Кабар/. Өзбекстанда пенсияга чыгуу жашын акырындык менен көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу өлкөнүн Пенсия фондунун аткаруучу директору Муродбек Атаджанов маалымдады.
Анын айтымында, эркектер үчүн пенсия курагы 60 жаштан 63 жашка, аялдар үчүн 55 жаштан 58 жашка чейин жогорулатылышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр жыл сайын жарым жылдан, же болбосо жумшагыраак вариантта үч айдан көтөрүлүп, жалпы реформа 12 жылдын ичинде ишке ашырылышы каралууда.
Өзбекстанда пенсияга чыгуу курагы 1993-жылдан бери өзгөргөн эмес. Азыркы учурда калктын орточо өмүр узактыгы 75 жашка жетип, пенсионерлер мурдагыга салыштырмалуу кыйла узак жашап жатышат.
Акыркы чечим али кабыл алына элек. Бул багытта калктын сунуштарын чогултуу үчүн атайын платформа иштей баштап, ага бир ай убакыт берилди. Андан кийин сунуштар талданып, реформа долбоору коомдук талкууга коюлат.