Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Өзбекстанда жаш курагы боюнча пенсия эми жарандардын арыз берүүсүн күтпөстөн, автоматтык түрдө дайындалат. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон, деп билдирет Өзбекстандын Адилет министрлигинин басма сөз кызматы.
Мындан ары жаран пенсия жашына жеткенде, ага пенсия мамлекеттик маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө дайындалат. Ошол эле учурда, жаран дайындалган пенсиядан баш тартууга укуктуу. Тактап айтканда, эгерде жаран дайындалган пенсиянын өлчөмүнө макул болбосо же эмгек ишмердүүлүгүн улантууну кааласа, андан баш тартса болот.
Мындай учурда эскертүү алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде Пенсиялык фондго кайрылуу же мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору аркылуу онлайн анкета толтуруу талап кылынат.
Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүүгө жана аларды санарип форматка өткөрүүгө багытталган.
Учурда Өзбекстанда пенсия курагы эркектер үчүн — 60 жаш, аялдар үчүн — 55 жаш деп белгиленген.