Ташкент, 16.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мугалимдерди колдоого багытталган жаңы чараларды сунуштады, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
2026-жылдан тарта 15 жылдан кем эмес стажы бар жогорку категориядагы мугалимдерге ипотека үчүн баштапкы төлөмдүн 25%ы кайтарылат. Мугалимдердин перзенттеринин мамлекеттик жогорку окуу жайларга төлөнө турган контракт суммасы 30%га арзандатылат.
Мындан тышкары:
- Жаңы билим берүү технологияларын колдонуу үчүн мугалимдерге компьютер сатып алуу үчүн 10 млн сумга (≈803 $) чейинки жеңилдетилген насыя берилет;
- Келерки жылдан баштап мугалимдер үчүн мамлекеттик кызматтардын төлөмү 2 эсе төмөндөтүлөт;
- Башталгыч класстардын мугалимдерине улуттук сертификат системасы киргизилип, сертификат ээси ай сайын 15% кошумча төлөм алат;
- Артыкчылык менен бүтүргөн бакалаврлар мектепте иштей баштаганда автоматтык түрдө экинчи квалификациялык категорияга, магистрлер биринчи категорияга ээ болот;
- Дүйнөнүн 300 мыкты окуу жайына кирген мугалимдерге 20 миң долларга чейинки жеңилдетилген билим берүү насыясы берилет;
- Рейтингге кирген мектептердин жана балдар бакчаларынын мугалимдерине, ошондой эле мыкты техникумдардын жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерине жылына бир жолу ички каттамдарга (учак жана поезд) 15–20% арзандатуу каралат.
Мындан тышкары, президент мектептерде 9 жана 11-класстын окуучулары үчүн Жалпы мамлекеттик экзаменди (ЖМЭ) киргизүүнү жарыялады. Экзамендин жыйынтыгы боюнча окуучулар каалаган учурда техникумдарга же жогорку окуу жайларга тапшыра алышат.