Өзбекстанда мопед жана скутер айдоо эрежелери күчөтүлдү

Борбор Азия Загрузка... 30 Сентябрь 2025 13:03
p_30_2.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.09.25. /Кабар/. Өзбекстанда мопед жана скутер айдоо эрежелери күчөтүлдү.

Өлкөдө 1-октябрдан тарта мопед жана скутерди айдоо үчүн мамлекеттик каттоо жана «А» категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.

Жаңы тартип 25 куб саниметрден 50 куб сантиметрге чейинки кыймылдаткычы бар, ошондой эле кубаттуулугу 0,25 кВттан 4 кВтка чейинки электр кыймылдаткычы орнотулган жана ылдамдыгы 25–50 км/саат болгон транспорт каражаттарына тиешелүү.

ИИМдин жол кыймылы коопсуздугу кызматынын маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери өлкөдө скутер жана мопеддер катышкан 300дөн ашык жол кырсыгы катталган. Анда 53 адам каза болуп, 259 киши ар кандай жаракат алган.

Расмий билдирүүгө ылайык, бул көрсөткүч айдоочуларга жол эрежелерин сактап, унаасын каттоо зарылдыгын көрсөттү.