Өзбекстанда Кыргызстандын продукциясына кызыгуу артууда

Коом Загрузка... 02 Июль 2025 15:10
WhatsApp Image 2025-07-02 at 09.18.12.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда кыргыз продукциясына болгон кызыгуу артууда. Бул тууралуу КР Соода өкүлчүлүгү маалымдады.

Жакында Ташкент шаарында Өзбекстандын ири дистрибьюторлору SAYONAR жана SIMBA компаниялары менен жолугушуулар өттү. Аталган компаниялар Кыргызстандан өндүрүлгөн товарларды импорттоо мүмкүнчүлүгүнө чоң кызыгуу билдиришти.

SAYONAR — керектөөчү товарлар тармагында иш алып барган, сапатка жана туруктуу өнөктөштүккө маани берген компания. Ал кыргыз өндүрүшчүлөр менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

SIMBA — логистикалык инфраструктурасы жакшы өнүккөн, өлкө боюнча дистрибуция тармагын камтыган ири оператор. Компаниянын карамагында тоңдуруучу кампалар, бажы терминалдары, темир жол каттамдары жана автоунаалар бар. SIMBA кыргыз товарларын өз тармагы аркылуу жайылтууга кызыкдар.

Соода өкүлчүлүгү билдиргендей, мындай жолугушуулар Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, эки тараптуу соода алакасын чыңдоого багытталган.

Серепчилердин баамында, Өзбекстандагы базар — кыргыз өндүрүшчүлөрү үчүн чоң потенциалы бар рынок. Эгерде логистикалык тоскоолдуктар азайтылып, сапат туруктуу камсыздалса, эки өлкөнүн ишкерлери үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык жаралмакчы.