Ташкент, 28.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын Жызак облусунун Заамин районундагы №39 мектепте Кыргызстанда эмгек сиңирген маданият кызматкери, белгилүү жазуучу жана публицист Абибилла Пазыловдун “Шоро Башат – менин бешигим” аттуу өзбек тилиндеги жыйнагынын бет ачары өттү.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев сунушталган жыйнактын автору Абибилла Пазыловду кыргыз адабиятынын чыныгы залкар өкүлү катары баалап, анын чыгармачылыгынын улуу салтка жана жашоого болгон терең түшүнүктөргө таянышына басым жасады.
“Пазыловдун чыгармалары — кыргыз тарыхынын каны, руханий дүйнөсүнүн жаны. Ал жалпы адамзат тагдырына арналган чоң ой-толгонуу менен адабиятка жаңы мейкиндик ачты. Анын инсандык баалуулуктарга болгон терең көз карашы кыргыз сөз өнөрүнө жаңы дем жана жаңы багыт тартуулады”, - деп белгиледи төрага.
Белгилүү котормочу, Өзбекстан-Кыргызстан Достук коомунун төрагасы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Зухриддин Исамудинов да бул иш-чарада сөз сүйлөп, китептин маңызын зор толкундануу менен белгиледи. Ал бул эмгекти кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы руханий көпүрө катары баалап, котормочунун чебердигин өзгөчө баса көрсөттү.
“Бул китеп — жөн гана котормо эмес, бул — эки элдин жүрөгүн бириктирген руханий мурас! Ар бир сапта кыргыз тилинин тереңдиги, көркөмдүгү өзбек тилинин өзөгүнө куюлуп берилген. Котормочунун сөзгө кылдат мамилеси, ойду туйгундай жеткирген чебердиги колго кармагандай билинет. Мындай эмгектер достукту бекемдейт, рухту көтөрөт, эки элдин ырыс-ынтымагын дагы да арттырат!” — деп баса белгиледи окумуштуу.
Жызак облусунун Жазуучулар союзунун жетекчиси Мехрибон Абдурахманова, жазуучу Нурали Кобул жана башка окурмандар Абибилла Пазыловду анын жаңы китебинин жарыкка чыгуусу менен куттукташты. Алар кыргыз жазуучусунун адабияттагы ордун жана анын чыгармачылыгына кошкон салымын жогору баалашты. Ошондой эле жыйнакта көтөрүлгөн темалар жаш муундун руханий калыптанышына чоң таасир берет деп белгилешти.
Жыйнакка автордун Өзбекстан журналисттер уюмунун мүчөсү Төлөнбай Курбанов которгон "Жазуучу жана анын тагдыры", "Чыңгыз Айтматовдун акыркы басма сөз жыйыны”, "Рамазан айындагы азан", "Нооруз мубарек" жана "Шоро Башат – менин башигим" аттуу чыгармалары киргизилген.
Мындан тышкары, китепте Өзбекстандын Эл жазуучусу Турсунбай Адашбаев которгон “Жөнөкөй Салия” пьесасы жана Мухаммаджон Уринбоев оодарган "Түштүктөн келген кат" аңгемеси да орун алган.
Жыйнакка алгы сөздү Чыңгыз Айтматов атындагы Эларалык академиясынын мүчөсү, Өзбекстан Улуттук университетиндеги "Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан" илмий борборунун директору, "Дүйнөдүк адабият" журналын башкы редактору, профессор Ахмаджон Мелибоев жазган.
Жыйнак Ташкент шаарындагы Noshir басма үйүндө 2022-жылы жарык көргөн. Аны басмага Төлөнбай Курбанов даярдаган.