Өзбекстанда кыргыз күрүчүнө суроо-талап өсүүдө

Борбор Азия Загрузка... 13 Ноябрь 2025 16:14
P_12_ (1).jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.11.25. /Кабар/. Быйылкы жылдын январь–август айларында Өзбекстан Кыргызстандан 678 тонна күрүч импорттогон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз эсеге көбөйгөнүн көрсөтөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз күрүчүн импорттоого Өзбекстан жалпысынан 388 миң АКШ долларын жумшады. Ал эми Кыргызстан жалпы 1 миң тоннадан ашуун күрүч экспорттоп, 715 миң доллар киреше тапкан.

Кыргыз күрүчүнүн негизги импортеру Өзбекстан болуп саналат. Мындан кийинки орундарда Түркия жана Россия турат.

Эске салсак, быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара товар жүгүртүүсү 597 миллион долларды түздү.