Өзбекстанда кыргыз ишканасынын филиалын ачуу пландалууда

Коом Загрузка... 16 Июль 2025 10:20
S_16.webp
copyright icon Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугу

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү кийиз буюмдарын чыгарууга адистешкен Kiyiz Group ишканасынын жетекчиси Сардор Салимов менен жолугушту, деп билдирет "Дунё" агенттиги.

Жолугушууда Фергана өрөөнүндөгү ишкерлер менен кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле продукцияны Өзбекстандын маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу маселелери талкууланды. Экологиялык талаптарга жооп берген продукцияны жергиликтүү рынокко жайылтууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш сапар учурунда консулдуктун өкүлдөрү 2015-жылы Ош шаарында негизделген ишкананын өндүрүш жараяны жана даяр буюмдары менен таанышышты. Учурда Kiyiz Group 50дөн ашык түрдөгү кийиз буюмдарын жана белек-бечкек продукцияларын чыгарат. Продукцияга суроо-талап жылдан жылга өсүп, ишкананын өндүрүш көлөмү кеңейүүдө.

Өзбекстанда керектүү чийки заттын болушу жана чет элдик туристтердин кызыгуусу бул өндүрүш үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленип, жыйынтыгында тараптар ишкананын Өзбекстанда филиалын ачууга макулдашышты.

Серепчилердин баамында, бул долбоор эки өлкөнүн аймактары ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдеп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту көбөйтүүгө өбөлгө болот.