Ташкент, 20.08.25. /Кабар/. Өзбекстанда кургакчылыктын кесепеттерин алдын алуу үчүн заманбап улуттук мониторинг системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Uzcosmos агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жаңы система жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн жана суу булактарынын абалын спутник аркылуу реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө, ошондой эле айыл чарбасына жана экологияга тийгизе турган зыянды алдын ала божомолдоп турууга шарт түзөт.
Долбоорду Uzcosmos агенттиги БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясы (UNESCAP) менен биргеликте ишке ашырууда.
Мындан тышкары, долбоор Кыргызстан менен Тажикстанды да камтыйт. Бул өлкөлөр кургакчылыктын кесепеттерин азайтуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн бирдиктүү маалыматтык платформага ээ болушат.