Өзбекстанда коррупциялык кылмыштардын саны өстү

Борбор Азия Загрузка... 19 Сентябрь 2025 10:53
d_19.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.09.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2024-жылы коррупциялык кылмыштардын саны жана мамлекетке келтирилген зыян көбөйгөнү аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин директору Акмал Бурханов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 4649 кылмыш иши катталып, 7354 адам жоопкерчиликке тартылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12,5 пайызга көп. Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 2024-жылы 2 трлн 810 млрд сумду (≈217,8 миллион доллар) түздү. 2023-жылы бул көрсөткүч 1 трлн 400 млрд сумга (≈108,5 миллион доллар) жеткен.

Коррупциялык фактылардын негизги бөлүгү бюджеттик каражаттарды пайдалануу (640 учур), кредиттерди берүү (292 учур) жана жумушка орношуу (123 учур) менен байланышкан. Ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында жоопко тартылгандардын саны өскөнү белгиленди.

Transparency International уюмунун Коррупцияны кабылдоо индексине ылайык, Өзбекстан 2024-жылы 121-орунга түшүп, 2012-жылдан берки алгачкы жолу көрсөткүчүн төмөндөттү.