Ташкент, 29.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев парламентке жана элге жасаган кайрылуусунда 2026-жылы өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө "өзгөчө абал" режими жарыяланганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
Президенттин айтымында, коррупция адилеттүүлүккө жана мыйзам үстөмдүгүнө олуттуу коркунуч туудуруп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугуна бөгөт коюуда.
"Катуу жана системалуу чараларсыз алдыга коюлган социалдык-экономикалык максаттарга жетүү мүмкүн эмес, ошондой эле эл аралык коомчулуктун ишенимин сактоо кыйынга турат", - деди Мирзиёев.
Маалыматка ылайык, бардык мамлекеттик органдарда комплаенс жана ички антикоррупциялык көзөмөл үчүн жооптуу жетекчинин орун басарларынын кызмат орундары, ошондой эле Эсеп палатасынын өкүлдөрү киргизилет. Бул түзүмдөр бюджеттик каражаттарды кыянат пайдалануунун алдын алуу, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктоо менен алектенип, түздөн-түз мамлекет башчысына баш иет.
2026-жылдын 1-январынан тарта президенттин администрациясынын комплаенс кызматы бардык мамлекеттик органдарда жаңы системаны ишке киргизип, катуу көзөмөл орнотот. Комплаенс кызматтарынын ишине тоскоолдук кылган адамдар коррупцияга шериктеш катары бааланары белгиленип, мыйзам алдында бардык кызмат адамдары тең экени баса көрсөтүлдү.
Эске салсак, 2025-жылдын башынан бери Өзбекстанда коррупциялык кылмыштар үчүн дээрлик 2 миң адам соттолгон.