Өзбекстанда Климат күнүнүн алкагында Глобалдык жаштар фестивалы башталды

Борбор Азия Загрузка... 16 Май 2025 21:02
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.58.22.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Эл аралык климат күнүнө карата Глобалдык жаштар фестивалы расмий түрдө ачылды. Бул эл аралык демилге жаштарды туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык диалогко активдүү тартууну көздөйт.

Форум жаш лидерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана адистер үчүн тажрыйба алмашууга ылайыктуу аянтча болуп, заманбап экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдору талкууланууда.

Фестивалдын алкагында Санариптик «жашыл» демилгелер апталыгы да башталып, экология жана технология тармагындагы санариптик чечимдерге өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чара 15-майдан 30-июнга чейин Ташкент шаарында, Каракалпакстан Республикасында жана Самарканд облусунда өткөрүлөт. Фестивалга 50дөн ашык өлкөдөн келген 300дөн ашуун өкүл — жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, адистер жана активисттер катышууда.

Эл аралык климат күнү жыл сайын 15-майда БУУнун климаттык конвенциясы кабыл алынган күнгө ылайык белгиленет.