Ташкент, 04.11.25. /Кабар/. Өзбекстанда “Kelajak merosi” ("Келечектин мурасы") аттуу эл аралык сыйлык негизделди. Бул тууралуу UZA маалымат агенттиги билдирди.
Президенттин тиешелүү токтомуна ылайык, демилге чыгармачыл жана илимий ишмерлердин улуттук жана дүйнөлүк баалуулуктардын өнүгүшүнө кошкон салымын жогорулатуу, ошондой эле маданий жана билим берүү жаатындагы өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө багытталган.
2025-жылдан тартып бул сыйлык боюнча сынак жыл сайын өткөрүлөт. Ал жети багытты камтыйт: адабият, маданий мурас, театр жана кино, музыка жана бий, сүрөт жана колдонмо искусство, мода жана дизайн, ошондой эле илим, билим берүү жана санариптик технологиялар.
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүнө атайын статуэтка, диплом жана 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарылат.