Ташкент, 12.09. 25. /Кабар/.Өзбекстанда калкты жана айыл чарбасын эсепке алуу 2026-жылдын 15-январынан 28-февралына чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында кабарланды.
Эсепке алуунун алгачкы 17 күнү маалыматтар интернет аркылуу чогултулат. Андан кийин бир ай бою үйлөрдү кыдыруу менен улантылат.
Жаңы формат чыгымдарды азайтып, 1,3 трлн сум (≈118 млн доллар) үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Суроолордун саны баштапкы 328ден 71ге чейин кыскартылды.
Эсепке алуу өлкөнүн 38 миллиондон ашык калкынын курамы, миграциясы, үй-бүлөлүк абалы, жумуш жана киреше булактары тууралуу бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө шарт түзөт. Бул ыкма 2020-жылдагы Европа статистикасынын сунуштарына ылайык жүргүзүлөт.
Дүйнөлүк банк, БУУнун калкты коргоо фонду (ЮНФПА) жана БУУнун айыл чарба уюму (ФАО) иш-чарага колдоо көрсөтөт.
Эсепке алуу 2022-жылдан бери жылдырылып келген. Акыркы жалпы калкты эсепке алуу Өзбекстанда 1989-жылы өткөрүлгөн.