Ташкент, 04.11.25. /Кабар/. Өзбекстанда ички рынокту азык-түлүк менен туруктуу камсыздоо жана дыйкандарды колдоо боюнча жаңы чаралар кабыл алынды. Президенттин «Калкты азык-түлүк менен туруктуу камсыздоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык, айыл чарба өндүрүүчүлөргө бир катар финансылык стимулдар каралган.
Коммерциялык банктар дыйкандарга 12 пайыздык үстөк менен 12 айлык мөөнөткө жеңилдетилген насыя берет. Насыя суммасы түшүм наркынын 50 пайызына чейин жетип, үрөн, жер семирткич жана сугат чыгымдарын жабууга жардам берет. Ошондой эле 2026-жылдан тарта сугаруу үчүн колдонулган насостук жабдуулар керектеген электр энергиясынын чыгымдарынын 50 пайызы мамлекет тарабынан төлөнөт.
2025–2030-жылдары «Ишкердикти өнүктүрүү компаниясы» ишкерлердин насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрүнүн бир бөлүгүн атайын фонд эсебинен компенсациялайт. Колдоо тамак-аш жана май берүүчү өсүмдүктөрдү өстүргөн чарбаларга багытталат.
Адистердин баамында, бул чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт. Натыйжада түшүмдүүлүк жогорулап, ички рынокто негизги азык-түлүк товарларына баалар туруктуу бойдон сакталары күтүлүүдө.