Ташкент, 03.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Юстиция министрлиги реадмиссия аркылуу өлкөгө кайтарылган жарандарга чет элдик паспорт алуу тартибин бекитти, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, арыздарды Миграция жана персоналдаштыруу департаментине же анын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырууга болот. Реадмиссиядан өткөн жарандардын баарынын маалыматтары «Паспорт-виза» системасына автоматтык түрдө катталат.
Документти кайра алуу бардык жарандар үчүн эмес, белгилүү жагдайларда гана мүмкүн. Мисалы, чет өлкөдө жакын туугандын каза болушу, медициналык жардам зарылдыгы, эл аралык долбоорлорго катышуу, чек ара аймактарында жашоо же мамлекеттин тапшырмаларын аткаруу учурларында берилет.
Эскерте кетсек, реадмиссия (to readmit) — бул мамлекет өз жарандарын жана мыйзамсыз башка өлкөдө турган чет элдиктерди кайтарууга милдеттүү болгон эл аралык механизм. Депортациядан айырмаланып, ал эки тараптуу келишимдер жана кызматташуу аркылуу ишке ашат.