Ташкент, 30.09.25. /Кабар/.Өзбекстанда 2025-жылдын январь–август айларында интернет колдонуучулардын үлүшү 94,2 пайызга жетти.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө интернет тармагы дээрлик бардык аймактарды камтый баштады. 2021-жылы бул көрсөткүч 76,6 пайыз болсо, 2022-жылы 83,9 пайызга, 2023-жылы 89 пайызга, ал эми 2024-жылы 93,3 пайызга жеткен.
Акыркы төрт жылда интернет колдонуучулардын үлүшү 18 пайызга көбөйгөнү айтылууда. Адистер бул өсүштү мобилдик операторлордун өнүгүшү, оптоволокондук байланыштын кеңейиши, санариптик мамлекеттик кызматтардын, онлайн-билим берүүнүн жана электрондук сооданын кеңири жайылышы менен түшүндүрүшөт.
Учурдагы өсүү темпи улана берсе, Өзбекстан жакынкы жылдары дээрлик толук интернет менен камтылышы ыктымал.