Өзбекстанда II Ренессанска арналган көргөзмө түзүлүүдө

Борбор Азия Загрузка... 29 Июль 2025 10:04
p_29.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 29.07.25. /Кабар/. Өзбекстандагы Ислам цивилизациясы борборунун музейинде узундугу 52 метр, бийиктиги 5 метр болгон "Цивилизациялар жана ачылыштар дубалы" аттуу көргөзмө уюштурулууда.

Анда II Ренессанс дооруна арналган 10дон ашуун миниатюра коюлат. Аларды 50гө чукул сүрөтчү тартууда. Миниатюралар Герат, Бухара жана Самарканд живопись мектептеринин салттарына ылайык жаралууда.

Сүрөттөр жогорку сапаттагы кездемеге, Италиядан алып келинген сусалдуу алтын колдонулуп тартылууда.

Дубалда Амир Темирдин Балх курултайындагы такка отуруусу, илимге жана архитектурага кошкон салымы, Бибихоним мечити, Мирзо Улукбектин илимий мурасы чагылдырылат. Ошондой эле Навои, Байкаро, Бабур жана алардын доорундагы маданий чөйрөгө көңүл бурулган.