Өзбекстанда II эл аралык "Декларациялар диалогу" форуму өтүүдө

Борбор Азия Загрузка... 11 Сентябрь 2025 09:40
S_10.png
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.09.25. /Кабар/. Күн мурун Ташкентте үч күндүк II эл аралык «Декларациялар диалогу» форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу өз кабарчыбыз билдирет.

Форумга АКШ, Британия, Кытай, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Индонезия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн 50гө жакын диний илимпоз жана эксперттер катышууда.

Алар диний эркиндикти жана толеранттуулукту өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулап жатышат. Форумдун иши 12-сентябрда Самаркандда уланат. Бул иш-чара 2022-жылы Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларында өткөн форумдун уландысы болуп эсептелет.

Форумду Өзбекстан президентинин Стратегиялык жана аймак аралык изилдөөлөр институту (ИСМИ) америкалык «Love Your Neighbor Community» бейөкмөт уюму менен биргеликте уюштуруп, Диний иштер комитети, Ислам цивилизациясы борбору, Тышкы иштер министрлиги жана Самарканд облусунун акимчилиги колдоп жатат.

Серепчилер форумдун жыйынтыктары элдердин диний толеранттуулугун жана тынчтыкта жашоосун бекемдөөгө маанилүү салым болорун белгилешүүдө.