Өзбекстанда этникалык кыргыз мугалими "Достук" ордени менен сыйланды

Борбор Азия Загрузка... 26 Сентябрь 2025 12:30
p_26..jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.09.25. /Кабар/. Жаш муунга билим берүүгө жана тарбиялоого кылган үзүрлүү эмгеги үчүн этникалык кыргыз мугалими Гүлдар Сапарова Өзбекстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду.

1-октябрь – Мугалимдер жана устаттар күнүнүн алдында президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен Ташкент облусунун Бөкө районундагы №34 кыргыз орто мектебинин немис тили мугалими Гүлдар Сапарова «Достук» ордени менен ардакталды.

Жарлыкта анын билим берүү тармагын эл аралык талаптарга ылайык өркүндөтүүдөгү салымы, окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуудагы активдүүлүгү, жаш муунду заманбап билим жана кесиптерге үйрөтүүдөгү эмгеги, мекенге болгон сүйүү жана адамгерчилик баалуулуктарга тарбиялоодогу жетишкендиктери баса белгиленген.

Гүлдар Сапарова Кыргыз мамлекеттик университетинин немис филологиясы факультетин аяктап, 1996-жылдан бери аталган мектепте эмгектенип келет. Анын жолдошу жана эки уулу да мугалимдик кесипти аркалашат.

Чавлисай айылында жайгашкан №34 кыргыз орто мектебинде сабактар кыргыз жана өзбек тилдеринде өтүлөт. Быйыл мектептин 14 бүтүрүүчүсү өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырып, ийгиликтүү кабыл алынды.

Айылда 5,5 миңден ашуун тургун жашайт, алардын 3 миңден көбүн этникалык кыргыздар түзөт.