Ташкент, 08.09.25. /Кабар/. Өзбекстанда 4-сентябрдан тартып транспорттук ташуулардагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Өлкө Сенаты жактырган документ айдоочуларды жана тиешелүү кызмат адамдарын эмгек жана эс алуу тартибин сактоого милдеттендирет.
Эл аралык жана шаар аралык каттамдарда эс алуу эрежесин бузган айдоочуларга 2 млн 884 миң сумга (≈230 доллар) чейин айып пул салынат. Темир жол жана метрополитен кызматкерлери, ошондой эле коопсуздук үчүн жооптуу адамдар эрежени бузса, 4 млн 120 миң сумга (≈325 доллар) чейин айыпка жыгылат.
Расмий бийлик жаңы мыйзам жүргүнчүлөр менен жүк ташуулардагы коопсуздукту жогорулатып, жол кырсыктарын азайтууга жардам берет деп эсептейт.
2024-жылы темир жол жана метрополитен тармагында 130 ири мыйзам бузуу катталып, дээрлик 4 млрд сум (≈315 миң доллар) зыян келтирилген. Ошондой эле жөнгө салынбаган өтмөктөрдө болгон 38 кырсыктан 11 адам каза тапкан.