Өзбекстанда эл аралык автожарыштарды өткөрүү талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 11 Декабрь 2025 11:00
p_11....jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 11.12.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Эл аралык автомобиль федерациясынын (FIA - International Automobile Federation) президенти Мохаммед бен Сулайем жетектеген делегация менен жолугушуп, автоспортту өнүктүрүү жана жол коопсуздугунун эл аралык стандарттарын жайылтуу боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулады.

FIA делегациясынын курамына Сенат президенти Кармело Санс де Баррос жана автомобиль мобилдүүлүк жана туризм боюнча вице-президент Тим Ширман да кирди.

Жолугушууда картингден тарта формулалык серияларга чейин автоспорттун бардык багыттарын бирдей өнүктүрүү, пилотторду, инженерлерди жана механиктерди даярдоодо FIA университетинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча сунуштар каралды.

Тараптар Өзбекстанда заманбап автожарыш инфраструктурасын түзүү, эл аралык мелдештерди өткөрүү жана өлкөнүн глобалдык автоспорт календарына кошулуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле FIA`нын колдоосу менен эл аралык турнирлерди, анын ичинде Формула-1дин мүмкүн болгон этабын өткөрүү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мирзиёев Мохаммед бен Сулайемди Өзбекстанда автоспортту өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн «Дўстлик» (Достук) ордени менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Өзбекстан 2019-жылдан бери FIA`нын мүчөсү болуп саналат.