Өзбекстанда экологиялык маданиятты өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Борбор Азия Загрузка... 19 Май 2025 10:53
photo_19_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.05.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2030-жылга чейин калктын экологиялык аң-сезимин жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган Концепция кабыл алынды. Бул кадам Өзбекстандын президентинин 2025-жылды — Айлана-чөйрөнү коргоо жана "жашыл экономика" жылы деп жарыялаган жарлыгынын негизинде ишке ашырылды.

Концепция бардык коомдук катмарларды камтып, бала бакчадан тартып мамлекеттик кызматкерлерге чейин экологиялык билим берүүнү, жарандык коомду тартууну, маалыматтын ачыктыгын камсыздоону жана эковолонтёрдук кыймылдарды өнүктүрүүнү көздөйт. Ошондой эле көзөмөл механизмдерин күчөтүү жана ачык маалымат базасын түзүү негизги багыттардан болуп саналат.

Жалпысынан 3,3 млн бала бакча тарбиялануучуларын, 4,2 млн мектеп окуучуларын, 400 миңге жакын колледж жана лицей студенттерин, 1,9 млн жогорку окуу жайлардын студенттерин экологиялык билим менен камтуу каралган. Мындан тышкары, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин 90 пайызы тиешелүү окутуулардан өткөрүлөт.

Экологиялык аң-сезимди жогорулатуу максатында жыл сайын "Жаңы дарак — жаңы дем" аттуу республикалык экочемпионат, "Махаллабызды таштандыдан арылтабыз" деген ураан алдында ай сайын иш-чаралар, жаштар арасында экологиялык темадагы илимий долбоорлор боюнча сынактар өткөрүлөт.

Ошондой эле студенттерден турган Эковолонтёрлор кыймылы жана Өзбекстан менен чет өлкөлөрдүн жаш эколог-илимпоздорун бириктирген "Экологдор коомчулугу" түзүлөт.