Өзбекстанда чиновниктер жарандарга келтирген зыянды өздөрү төлөйт

Борбор Азия Загрузка... 20 Август 2025 09:00
a_20.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы 19-август күнү мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз чечимдеринен жана аракеттеринен жабыркаган жарандар менен уюмдарга зыянды төлөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, аймактык компенсациялык фонддор түзүлөт. Жапа чеккен тарап соттун чечимине ылайык алгач ушул фонддон компенсация алат. Андан кийин төлөнгөн каражат регресс тартибинде тиешелүү кызматкерден өндүрүлөт.

Документ жарандардын укуктарын коргоого жана чиновниктердин жеке жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам долбоору эми Сенатта каралат.