Өзбекстанда чет элдик жарандар үчүн атайын салык режими киргизилди

Борбор Азия Загрузка... 10 Октябрь 2025 16:45
photo_08.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 08.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти чет элдик жарандар үчүн атайын салык режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду, - деп билдирет өлкөнүн Юстиция министрлиги.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта бул режимде катталган чет элдик жарандар Өзбекстан аймагынан тышкары тапкан кирешесине салык төлөбөйт.

Мындай жеңилдикке ээ болуу үчүн алар 50 миң доллар төлөп, Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу банктан же лицензиясы бар криптобиржадан өз эсебин ачышы керек.

Ошондой эле өлкөдө 30 күндөн ашык жашаган жана турак жайы же ижарага алынган мүлкү бар чет элдиктерге салык резиденти макамы берилет.

Адистердин баамында, бул кадам Өзбекстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, жогорку квалификациялуу адистерди жана инвесторлорду тартууга өбөлгө түзөт.