Ташкент, 11.06.25. /Кабар/. Ташкентте өткөн IV эл аралык инвестициялык форумдун алкагында баштапкы капиталы 100 млн долларды түзгөн жаңы фонд — Entrepreneurship and Enterprise Finance Unit (EEFU) — расмий түрдө ачылды.
Фонддун негизги максаты — чакан жана орто бизнести исламдык (халал) каржылоо инструменттери аркылуу колдоого алуу жана алардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.
SEAF (Small Enterprise Assistance Funds) компаниясынын башкаруучу директору Ян Черим өз сөзүндө чакан жана орто бизнес ар бир өлкөнүн экономикалык пайдубалы болуп саналарын, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана инновацияларды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Жаңы фонд Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун, Сауд өнүктүрүү фондунун жана Өзбекстандын Кайра куруу жана өнүктүрүү фондунун колдоосу менен түзүлдү. Аны эл аралык SEAF инвестициялык компаниясы башкарат.