Өзбекстанда БУУнун мамлекеттик кызмат боюнча форуму өтөт

Борбор Азия Загрузка... 21 Июнь 2025 15:19
IMG-20250621-WA0008.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.06.25. /Кабар/. БУУнун мамлекеттик кызмат боюнча эл аралык форуму 23–25-июнь күндөрү Самаркандда өтөт. Ал Өзбекстанда биринчи жолу уюштурулууда. Бул тууралуу Санариптик технологиялар министрлиги маалымдады.

Форумга Европа, Азия, Латын Америкасы жана Африка өлкөлөрүнөн министрлер, жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Иш-чара «2030-жылга чейин калган беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызматтарды тез жана натыйжалуу көрсөтүү» деген тема алдында өтөт. БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө аз убакыт калгандыгына байланыштуу тема өтө орчундуу болуп эсептелет.

Форумдун уюштуруучулары болуп БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер департаменти (UN DESA), Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлиги, Стратегиялык реформалар агенттиги жана Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттиги эсептелет.

Адистердин айтымында, форумдун 23-июнь — БУУнун Мамлекеттик кызмат күнү менен дал келиши символикалуу көрүнүш болуп саналат. Иш-чара мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган идеялар жана эл аралык кызматташтык үчүн маанилүү аянтча болот.

Эскерте кетсек, Форум 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет жана буга чейин АКШ, Австрия, Испания, Танзания, Бахрейн, Марокко, Колумбия, Азербайжан (2019) жана Түштүк Корея (2024) сыяктуу өлкөлөрдө уюштурулган.