Өзбекстанда Борбор Азиядагы климаттык көйгөйлөр талкууланат

Борбор Азия Загрузка... 18 Март 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.02.33.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 4-5-апрелинде «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» деген темада биринчи Самарканд эл аралык климаттык форуму өткөрүлөт, деп билдирет өлкөнүн Экология, айлана чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин басма сөз кызматы.

Форумдун негизги максаты - экологиялык туруктуулук, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо үчүн чечимдерди табуу болуп саналат.

Катышуучулар кайра жаралуучу энергиянын, суу ресурстарын башкаруунун, биоартүрдүүлүктү сактоонун жана шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн олуттуу маселелерин, ошондой эле жерди калыбына келтирүү, чөлгө айланууга каршы күрөшүү жана жабыркаган аймактардагы климаттын өзгөрүүсүнүн социалдык-экономикалык акыбеттерин жумшартуу боюнча иш-чараларды талкуулашат. Азыркы замандын эң ири экологиялык кырсыктарынын бири болгон Арал кризисине өзгөчө көңүл бурулат.

Мааракенин негизги жыйынтыктарынын бири климаттын өзгөрүүсү жаатындагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү көз карашын аныктаган “Жашыл” өнүктүрүүнүн Аймактык концепциясынын бет ачары болот.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын жана өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарага Европа Биримдиги, БУУнун, эл аралык каржы институттарынын жана алдыңкы экологиялык уюмдардын делегациялары да катышат

Эксперттердин айтымында, Самарканд форумы өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын ортосундагы диалогду бекемдөөчү, ошондой эле глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында экологияны сактоо жана жашоонун сапатын жакшыртуу боюнча демилгелерди илгерилетүүчү маанилүү аянтча болуп саналат.