Көчмөндөр оюндары: Көкпар боюнча биринчи күндүн жыйынтыгы чыкты

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 13:25
IMG_6111.JPG.jpeg
IMG_6856.JPG.jpeg
IMG_6113.JPG.jpeg
IMG_6120.JPG.jpeg
IMG_6121.JPG.jpeg
IMG_6122.JPG.jpeg
IMG_6855.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6111.JPG.jpeg
IMG_6856.JPG.jpeg
IMG_6113.JPG.jpeg
IMG_6120.JPG.jpeg
IMG_6121.JPG.jpeg
IMG_6122.JPG.jpeg
IMG_6855.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабы

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында көкпар боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.

Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, бүгүн үч оюн өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:

  • Кыргызстан 12 – Монголия 1;
  • Россия 11 – Венгрия 1;
  • Өзбекстан 4 – Афганистан 1.
"Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.