Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү улантты

Экономика 25 сентябрь 2026 09:05
IMG_2808.jpeg
IMG_2807.jpeg
IMG_2806.jpeg
IMG_2805.jpeg
IMG_2804.jpeg
IMG_2803.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2808.jpeg
IMG_2807.jpeg
IMG_2806.jpeg
IMG_2805.jpeg
IMG_2804.jpeg
IMG_2803.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. 21-23-сентябрда Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын" Камбар-Ата-1 ГЭСин" куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга арналган сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдө долбоорду биргелешип ишке ашыруу жана башкаруу механизмдери, каржылоо ыкмалары жана үч өлкөнүн мындан аркы координациясы талкууланды. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 1 860 МВт болуп, станция жылына болжол менен 6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат.