Ташкент, 29.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Өзбекстанда чек арадагы бардык бажы төлөмдөрү жана жыйымдар атайын маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу өлкөнү Адилет министрлигинин маалымат борбору билдирди.
Жаңы тартипке ылайык, мамлекеттик көзөмөл "жашыл" жана "кызыл" коридор аркылуу ишке ашат.
- "Жашыл коридордо" тобокелдик деңгээли төмөн унаалар менен товарлар документтик текшерүүдөн гана өтөт.
- "Кызыл коридордо" тобокелдик жогору же туш келди тандалган унааларга толук көзөмөл колдонулат.
Коридорду аныктоо автоматтык түрдө "Тобокелдиктерди башкаруу" системасы аркылуу жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда бажы кызматкерлери унааны "жашылдан" "кызыл коридорго" өткөрө алышат.
Мындан тышкары, бажы кампасында 90 күн ичинде талап кылынбаган товарлар соттун чечими менен мамлекеттик менчикке өткөрүлөт.
Эске салсак, 1-июлдан тартып Өзбекстанда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун келишимине ылайык, товарларга преференциялар берүү боюнча алдын ала чечим чыгаруу тартиби күчүнө кирген.