Ташкент, 17.07.25. /Кабар/. 20-июлдан баштап Өзбекстанда жеке пайдалануу үчүн товарларды бажы төлөмүсүз алып кирүүгө жаңы чектөөлөр киргизилет, деп билдирет өлкөнүн Бажы комитети.
Эми жаран чет өлкөдө кеминде 2 күн (жөө же авто менен) же 3 күн (учак менен) болушу керек. Эгер бул талаптар аткарылбаса же жаран ай ичинде 3 жана андан көп жолу чек арадан өтсө, товарга 30 пайыз өлчөмүндө бажы төлөмү салынат.
Мындан тышкары, май айынан бери бажы лимиттери төмөндөтүлгөн:
- учак менен — 1000 доллар,
- темир жол же суу транспорту менен — 500 доллар,
- авто же жөө — 300 доллар.
Курьердик жеткирүүлөр үчүн лимит айына 200 долларга түшүрүлдү, ал эми ар бир килограмм үчүн 2 пайыз төлөм алынат.
Чек арада “жашыл” жана “кызыл” коридор системасы сакталып калат, бирок зарыл болсо, бажычылар текшерүү жүргүзө алышат.
Эскерте кетсек, бул чаралар Өзбекстандын өкмөтү тарабынан 2025-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган токтомго ылайык ишке ашырылууда.