Өзбекстанда башкы дарыгер менен жетекчинин милдеттери бөлүнөт

Борбор Азия Загрузка... 11 Ноябрь 2025 14:30
P_11_ (1).jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 11.11.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2026-жылдан тарта башкы дарыгерлер менен саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин милдеттери өз-өзүнчө аныкталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, жетекчи уюштуруу жана башкаруу иштерине, ал эми башкы дарыгер медицина багытына жооптуу болот. Жетекчилик кызматка талапкерлерди башкаруу тажрыйбасы бар ишкерлер арасынан тандоо пландалууда.

Маалыматка ылайык, жаңы ыкма 2026-жылдан тарта 26 медициналык борбордо жана үй-бүлөлүк поликлиникаларда сыноо тартибинде киргизилет.

Реформа саламаттык сактоо тармагында башкарууну өркүндөтүүгө, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга, ошондой эле оорулардын алдын алуу менен дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталганы айтылууда.