Ташкент, 04.11.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2025–2026-жылдарга карата баңгизат кылмыштуулугунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Улуттук программаны бекитти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Программада акыркы жылдары күчөп бараткан психотроптук жана синтетикалык заттардын айлануусуна бөгөт коюу, жашыруун лабораторияларды жана интернет аркылуу баңгизат сатуу фактыларын аныктоо боюнча чаралар каралган. Президент мыйзамдарды күчөтүү жана бул коркунучтарга каршы белгилүү бир чектөөсүз күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Документ 100дөн ашуун оперативдик, профилактикалык жана тарбиялык иш-чараларды камтыйт. Өзгөчө көңүл жаштар арасында баңгизаттын жайылышын алдын алууга, ошондой эле көз каранды адамдарды дарылоо жана реабилитациялоо системасын жакшыртууга бурулган.
Расмий маалыматтарга караганда, быйыл Өзбекстанда 11 миңден ашуун баңгизатка байланыштуу кылмыш иши катталып, 2,5 тоннадай тыюу салынган заттар алынган. Дүйнө жүзү боюнча болсо 400 миллионго жакын адам баңгизат көз карандылыгынан жапа чегүүдө.