Ташкент, 14.08.25. /Кабар/. Өзбекстанда аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу сенатор Малика Кадырханова Аялдар жана үй-бүлө иштери комитетине атайын суроо жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку палатанын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын алты айында өлкөдө аялдарга карата басым жана зомбулуктун 48,3 миң учуру катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 121 пайызга жогорулап, орточо алганда күнүнө 265 фактыдан туура келүүдө.
Ошол эле мезгил аралыгында 930 аял кайрадан коргоо ордерин алган.
Сенатор зомбулуктун себептерин аныктоо, аны алдын алуу чараларын күчөтүү, укук коргоо органдары менен кызматташууну жакшыртуу жана махаллаларда аялдарга карата зомбулукка таптакыр жол бербеген жагдай түзүү боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрүп берүүнү талап кылды.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын алгачкы алты айында Өзбекстанда миңге жакын адам аялдарга кысым көрсөтүү же үй-бүлөлүк зомбулук жасаганы үчүн жазага тартылган. Алардын айрымдарына айып пул гана салынган