Ташкент, 30.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда Аскерий коопсуздук жана коргонуу университети түзүлөт. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев аскерий билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар менен таанышуу маалында маалымдалды.
Максат — билим сапатын жакшыртуу, илимди практика менен айкалыштыруу жана аскер кызматкерлеринин даярдыгын күчөтүү.
Жаңы университет азыркы Куралдуу күчтөр академиясынын негизинде уюшулуп, анын курамына беш аскердик институт, сержанттарды даярдоочу Жогорку мектеп жана учкучсуз аппараттар боюнча адистер мектеби кошулат.
Ошондой эле сержанттар үчүн лидерлик сапаттарды жана заманбап курал колдонуу ыкмаларын өздөштүрүүчү жаңы ыкма киргизилет. «2+2» модели аркылуу жарандык ЖОЖдордун 2-курс студенттеринен курсанттар тандалып, тар адистиктер боюнча даярдалат.
Мындан сырткары, Жогорку Башкы командачынын стипендиясы негизделип, анын ээси аскердик магистратурага сынаксыз кабыл алынат. Аскердик окуу жай бүтүрүүчүлөрүнө жарандык жана аскердик адистикти тастыктаган кош диплом берилет.