Ташкент, 28.10.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылдын 1-октябрына карата калктын орточо жыштыгы ар бир чарчы чакырымга 84,8 кишини түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6 адамга көбөйгөн.
Расмий эсептерге караганда, калктын жыштыгы акыркы жылдары туруктуу өсүп келет.
- 2021-жылы ар бир чарчы чакырымга 78,1 киши;
- 2022-жылы — 79,8 киши;
- 2023-жылы — 81,5 киши;
- 2024-жылы — 83,2 киши туура келген.