Өзбекстанда алтын запастары 366 тоннага жетти

Борбор Азия Загрузка... 07 Октябрь 2025 14:58
photo_07_1 (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.10.25. /Кабар/. Август айында Өзбекстандын Борбордук банкы алтын корун 2 тоннага көбөйтүп, анын жалпы көлөмүн 366 тоннага жеткирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) кабарлады.

Бул көрсөткүч 2024-жылдын акырына салыштырмалуу 17 тоннага аз. Бирок Өзбекстан акыркы алты айдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң ири алтын сатуучу өлкө бойдон калууда — бул мезгилде болжол менен 16 тонна сатылган.

WGC маалыматына караганда, бир ай ичинде дүйнөнүн борбордук банктары жалпы эсеп менен алтын запасын 15 тоннага көбөйтүшкөн. Алтын запасын көбөйткөн өлкөлөрдүн катарында Казакстан (+8 т, жалпысы 316 т), Болгария (+2 т, 43 т), Түркия (+2 т, 639 т), Кытай (+2 т, 2300 т), Өзбекстан (+2 т, 366 т), Чехия (+2 т, 65 т) жана Гана (+2 т, 36 т) бар.

Ошол эле учурда алтын саткан өлкөлөр катары Россиянын Борбордук банкы (-3 т) жана Индонезия банкы (-2 т) көрсөтүлдү.

Эске салсак, жакында президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылы Өзбекстанда 86 тонна алтын өндүрүлгөнүн, быйыл бул көлөм 118 тоннага жетери күтүлүп жатканын айткан.