Өзбекстанда алгачкы жолу Tandir Fest фестивалы өтүп жатат

Борбор Азия Загрузка... 04 Май 2025 12:02
b_04.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.05.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын түштүгүндө жайгашкан Сурхандарыя облусунун Байсун районунда алгачкы жолу Tandir Fest аттуу улуттук даамдардын фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу "Дунё" маалыматтык агенттиги кабарлады.

Фестивалдын башкы максаты — тандырда даярдалган өзбек улуттук тамактарын даңазалоо, аймактын бай маданий мурасын таанытуу жана гастрономиялык туризмди өнүктүрүү. Ошондой эле иш-чара элдер ортосундагы достукту бекемдөөгө жана улуттук салт-санааларды жайылтууга багытталган.

Негизги көңүл — “тандыр эт” жасоо жараянынын көргөзмө түрүндө тартуулоого бурулат. Келген коноктор эт менен татымалдарды даярдоодон тартып, бышкан тамакты ысык тандырдан чыгарууга чейинки процессти өз көзү менен көрүшүп, эзелки ыкмада даярдалган даамдан ооз тийишти.

Майрамдык маанайга кошумча өң берип, абага шарлар учурулду. Ошондой эле белгилүү ырчылар жана бийчилердин концерттик программасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, иш-чарага өзгөчө шаң тартуулады.

Tandir Fest фестивалы Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү комитети жана Сурхандарыя облусунун акимчилиги тарабынан уюштурулган. Фестиваль бүгүн, 4-майда жыйынтыкталат.