Өзбекстанда акимдерге жасалма интеллект боюнча кеңешчи дайындалат

Борбор Азия Загрузка... 22 Октябрь 2025 12:50
22_II (1).webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.10.25. /Кабар/. Өзбекстанда ар бир шаар жана райондо санариптештирүү менен жасалма интеллектти өнүктүрүүгө жооптуу жаңы кызмат — акимдин кеңешчиси киргизилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев санарип реформалары боюнча жыйында билдирди.

Жаңы кеңешчилер мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, бюрократияны азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү үчүн жасалма интеллект технологияларын колдонууга көмөктөшөт.

Өлкө 100 жаш адисти чет өлкөлөргө тажрыйба топтоого жиберет. 2026-жылдан тартып министрликтер менен аймактардын ишинде жасалма интеллект канчалык колдонулуп жатканы боюнча рейтинг жүргүзүлөт.

Президент Ургенчтеги бардык кызматтарды камтыган “Акылдуу шаар” долбоорун үлгү катары көрсөтүп, мындай системаларды башка аймактарда да киргизүүнү тапшырды.